Студенттердин чыгармачылыгы менен билимин тереңдетүү жана “Экономика” программасынын новаторлук идеясын колдоо максатында 2014-жылдын 1-декабрында “Экономист сыймыктуу кесип” аттуу конкурс өткөрүлдү. Бул иш-чарага “Экономика” багытындагы 2-4 курстун студенттери катышты.
Ар бир команда:
1. “Экономист” эмблемасын
2. Девизин
3. Экономика жөнүндөгү өзүнүн ойлорун презентациялашты
Калыстар тобу: БФЭАнын тарбия иштери боюнча проректору Эгембердиев Ш.Э.,, КР Өкмөтүнө караштуу салык кызматы окуу борборунун төрайымы Туменбаева Э.С., , РСК банк ревизиялык комиссиянын мүчөсү Адылбек уулу Шумкарбек. Конкурстун жыйынтыгында орундар аныкталып, баалуу сыйлыктар берилди.
1-орун – группа Э-3-12 ( 3-курс)
2-орун – группа Э-10-11 (4-курс)
3 орун – группа Эс-4-12 ( 3-курс)
01.12.2014
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/01-12-2014/thumbs/thumbs_img_1959.jpg]1205
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/01-12-2014/thumbs/thumbs_img_1984.jpg]870
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/01-12-2014/thumbs/thumbs_img_2002.jpg]890
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/01-12-2014/thumbs/thumbs_img_2000.jpg]750
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/01-12-2014/thumbs/thumbs_img_2009.jpg]720
[img src=https://bafe.edu.kg/wp-content/flagallery/01-12-2014/thumbs/thumbs_img_2014.jpg]750
Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз! Чыгармачыл ийгиликтерди каалайбыз!